«Ювентус» «Барселона» клубун 3:0 эсебинде утуп алды.
Р-Спорт басылмасы билдиргендей, Командалар УЕФАнын Чемпиондор лигасы
мелдешинин тайпалык этабынын алтынчы турунда кезикти. Беттештин 13 жана
52-мүнөттөрүндө Роналду испаниялыктардын дарбазасына эки ирет пенальтиден гол киргизди.
Туриндиктерден дагы бир топту 20-мүнөттө Уэстон Маккенни кошту. Эки команда тең 15 упайдан топтоп,
мелдештин плей-офф баскычына чыгышты. Кошумчаласак, атаандаш
Месси жана Роналду бири-бирине каршы 36 ирет беттешке чыгышкан