Бишкекте сулуулук салондору жана чач тарачтарда текшерүү жүрдү

Бишкекте сулуулук салондору жана чач тарачтарда текшерүү жүрдү.

Мэриядан билдиришкендей, муниципалитет кызматкерлери жалпысынан

32 салондо рейд жүргүзүштү. Анда санитайзер, антисептиктин бар же жогу,

гигиенанын сакталышы жана кардарларды кабыл алуудагы талаптардын

аткарылышы текшерилди. Эреже бузуу үч объектиде катталды.

Мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.