Таластын Бакай-Ата жана Талас райондорун каптаган селдин чыгымы дээрлик 8 миллион сомго жетти

Таластын Бакай-Ата жана Талас райондорун каптаган селдин чыгымы дээрлик 8 миллион сомго жетти.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алсак, суу Түйтө айылындагы

43 гектар айдоо аянтын, 46 турак жайды жана Арашан айылындагы 200 гектар жерди каптады.

Эске салсак, аталган эки райондо катуу жааган жамгырдан улам 26-майда сел жүрдү.