Түркияда Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө өзүнө Кыргызстан тарыхындагы
урунттуу окуялар жана өлкөнүн тарыхый жерлери, жаратылышы тууралуу фото,
сүрөттөрдү камтыйт. Иш-чара Түркиянын бардык шаарларында жыл бою көрсөтүлөт.
Алгачкылардан болуп Анкара шаарында башталды.