Улуттук тарых музейи ачылгандан бери 2 миллион 123 миң сом түштү.
Маданият министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, 2021-жылдын
декабрында эле 22 миң 500 адам кирген. Бүгүнкү күндө тарыхый мекемеде
4 миң 500 экспонат бар. Эске салсак, Бишкектеги Улуттук тарых музейи
5 жылдык оңдоо иштеринен кийин 19-ноябрда көрүүчүлөргө эшигин ачты.