Бишкекте былтыртан бери изделген тоноого шектүү 2 жаран кармалды

Бишкекте былтыртан бери изделген тоноого шектүү 2 жаран кармалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей,

алар акча алмаштыруу түйүнүнө, эмерек дүкөнүнө жана банктын кассаларына

куралчан кирип, кызматкерлерди коркутуу менен акчаларды алып кетишкен.

Тонолгон каражаттын жалпы суммасы 6,5 миллион сомго чукул. Факты кылмыш жана

жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тергөө иштери уланууда.