Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди.
Маалыматты эск-президенттин тегерегиндеги жакын адамдары тастыктады.
Алардын айтымында, Жээнбеков дем алыш күндөрү Бишкекке учуп келген.
Белгилей кетсек, экс-президент 2-февраль күнү жубайы менен Сауд Аравияга
кичи ажылыкка зыярат кылганы кеткен болчу. Маалыматка караганда,
Жээнбеков ал жакка Сауд Аравия тараптын макулдугу менен барган.