Бишкектеги №173-бала бакча 6-февралдан баштап ишин жандандырат

Бишкектеги №173-бала бакча 6-февралдан баштап ишин жандандырат.

Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемесинин

жылуулук берүү тармагы өткөн жумада аварияга учураган. Үзгүлтүктү

оңдоо үчүн Октябрь райондук администрациясы 103 миң сом бөлүп берди.

Тиешелүү кызматкерлер түтүктөрдү алмаштырышууда.

Бакчага жылуулук берүү жана оңдоо иштери эртең аяктап калат.