Бишкекте жоогазын гүл ачты. Гүлдөрдүн тамыры күздө отургузулган.
Эми 2-3 жума бою бишкектиктер клумбалардагы түркүн түстүү өсүмдүктөргө назар салса болот.
Шаардын чарба кызматтары ордо калааны көрктөндүрүүнү улантууда. Андан улам,
Бишкек тургундарына жана конокторуна гүлдөргө, жашыл аймактарга аяр мамиле кылуу сунушталат.