Нарын облусунда жаңы спорт зал пайда болду. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, объект Таш-Башат айылында жайгашат. Долбоорду ишке ашырууга 28 миллион сом жумшалды.
Ведомстводон белгилешкендей, спорт залдын курулушу 2015-жылы башталган.