Быйыл каржы пирамидасына байланыштуу 906 факт катталды

Ички иштер министрлиги быйыл жыл башынан бери каржы пирамидасына байланыштуу 906 факт катталганын кабарлады. Ага ылайык, мындай көрүнүштөрдүн басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 880ден ашыгы Ысык-Көлдө орун алган. Ушул учурда жалпы 875 иш сотко жөнөтүлгөн.

 

ИИМ жарандарды оңой акча табуунун айынан шылуундарга алданып калбоого чакырган. Милиция каржылык мыйзам бузгандар Жазык кодексинин 214-беренесине (“Финансылык пирамидаларды уюштуруу”) ылайык жазага тартыларын эскерткен.

 

Ушул тушта Ысык-Көлдөн сырткары Талас облусундагы дагы каржы пирамидаларын түзгөн учурлар көп катталып жатат.

Апта башында Таласта каржы пирамидасынын айынан акчасын алдаткан 200дөн ашуун жаран нааразылык акциясына чыккан.