Бишкектеги суук 22-январда кайтат. Бул тууралуу синоптиктер билдирет.
Алар белгилешкендей, бүгүн түндө термометр мамычалары -8ге чейин түшүп, кар жаайт.
Эртең күн бою асманды булут каптайт. Кар түнгө чейин токтобой тынымсыз жаашы күтүлүүдө.
Ал эми жумадан баштап шаардыктарды ачык аба-ырайы сүйүндүрөт.
А бирок суук кийинки шейшембиден тарта кайтып баштайт.