Кыргызстан тышкы карыздын пайызын төлөөгө 8 млрд сомдон ашык жумшайт

Келерки жылы Кыргызстан тышкы карыздын пайызын төлөөгө 8 миллиард сомдон ашык каражат жумшайт. Бул сумма 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорунун тиркемесинде болжол катары көрсөтүлгөн.

 

Документте өткөн жылы карыздын үстөк пайызын төлөөгө 4 миллиард 800 миллион сом жумшалганы айтылат. Ал эми быйылкы жылы 6 миллиард 900 миллион сом сарпталган.

 

Ошол эле учурда келерки жылга дээрлик 8 миллиард сомдон ашык пландаштырылган.

 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын карызы боюнча пайыздык төлөмдөрдүн туу чокусу келерки жылга туура келет.