Кыргызстандыктар микрокредиттерди көбүрөөк ала башташты

Кыргызстандыктар микрокредиттерди көбүрөөк ала башташты.

 

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, биринчи жарым жылдыкта алуучулардын саны 350 миңге жакын адамды түздү. Берилген каражаттын көлөмү 24 миллиард сомго жакын болду.

 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу микрокредит менен камсыздалгандардын саны 17 пайызга, ал эми берилген насыянын көлөмү 35,5 пайызга өскөн.

 

Каражат алгандардын арасында аялдар басымдуулук кылат. Акчанын негизги бөлүгү керектөө муктаждыктарына, айыл чарба, соода, коомдук тамактануу жана курулушту өнүктүрүүгө багытталган.