Бишкектин абасында зыяндуу заттардын өлчөмү дагы көбөйдү

Кыргыз гидрометеорология институтунан «Азаттык» радиосуна кабарлашкандай, 6-12-декабрда жүргүзүлгөн изилдөөдө Бишкектин абасында күкүрт кош кычкылы, азот кычкылы жана азот кош кычкылы, формальдегид заттары нормадан ашык экени аныкталды.

 

Ага чейин Улуттук статистика комитетинин «2017-2021-жылга карата Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрө» аттуу отчету чыгып, анда 2021-жылы Бишкектин абасындагы күкүрт кош кычкылы (SО2) баштаган уулуу заттар 54,5 миң тоннаны түзгөнү көрсөтүлгөн.

 

Расмий маалыматта акыркы төрт жылда өлкөдө абага бөлүнүп чыккан уулуу заттар 9,9% өскөн. Анын ичинде абаны булгаган күкүрт кош кычкылы 2017-жылы 7,8 миң тонна болсо, 2021-жылы 15,1 миң тоннага чейин жеткен. Кыргызстанда жалпы абага бөлүнүп чыккан уулуу заттардын 45,5% Бишкек шаарында экени белгиленген.

Жалпы өлкө боюнча бир чарчы чакырым жерге 272,6 килограмм улуу заттар бөлүнүп чыгууда, бул ар бир адамга 8,5 килограммдан туура келет.

Абанын курамындагы зыяндуу заттар белгиленген нормадан кышында эле эмес, жайында да жогору болуп жатканы отчетто белгиленген.

 

30-ноябрда ЮНИСЕФтин «Бишкектеги аялдар менен балдардын ден соолугу менен социалдык жашоосуна булганыч абанын тийгизген таасири» аттуу изилдөө чыккан.

Анда 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейин Бишкекте ыш 112 өлүмгө себеп болуп, шаардыктар 2 миллиард сом материалдык чыгым тарткан деген тыянак чыгарган.

Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин бул тыянагын четке кагып, мындай фактылар далилденбегенин билдирген.

Бишкек шаары бир нече күндөн бери дүйнөлүк абанын сапаты боюнча рейтингде абасы эң булганыч шаар катары биринчи катарда турат. 13-декабрга карата World Air Quality индекси боюнча 570 деген көрсөткүч менен адам саламаттыгына эң коркунучтуу деңгээлге чыкты.