Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жолчулар трассаларды кардан тазалап, инерттүү материал себилип жатат.

 

Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландаган айдоочуларга этият болуп, жол эрежелерин так сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүү сунушталат. Ведомстводон эске салышкандай, Кара-Буура, Сары-Кыр жана Кында ашуулары жергиликтүү администрациялардын чечими менен жабык.