Кыргызстан сырьену ташуунун башка жолдорун издеп жатат

Кыргызстан сырьену ташуунун башка жолдорун издеп жатат. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди. Ал белгилегендей, товарды ташуу үчүн бир дагы мамлекет чек араны жапкан жок.

 

Бирок жүк ташуучу унаа айдоочуларынын чек арадан өтүү алгоритмине байланыштуу жүк ташуу агымы токтоп калды. Андан улам, Асрандиев Экономика министрлигине товар ташууга башка өлкөлөрдү издөө тапшырмасын берди.

 

Белгилеп кетсек, учурда жүктөрдү убактылуу сактоо кампалары жабык. Чек арада медициналык жана чек ара кызматкерлеринен башка эч ким жок.