Бишкектин автобус-троллейбустарында накталай эмес төлөм системасына толук өтүү жылдырылды. Мындай чечимди мэр Эмилбек Абдыкадыров кабыл алды, — дешти муниципалитеттин басма-сөз кызматынан.
Андан белгилешкендей, буга шаар тургундарынын көбү “Тулпар” картасын алууга жетишпей калгандыгы себеп болду.
Эске салсак, накталай эмес төлөм системасына өтүү эртең, 1-июлда ишке киргизилип, жүргүнчүлөр жол кирени бир гана “Тулпар” карталары менен төлөп калмак. Эми бул демилге белгисиз мөөнөткө жылдырылды.