Аргентинада эркек бүтүндөй шаарды өрттөп сала жаздады

Аргентинада эркек бүтүндөй шаарды өрттөп сала жаздады. Ал токойдо кофе ичүү үчүн от жаккан. Катуу шамалдан жалын бак-дарактарга өтүп, эркек өз алдынча аны баса албай калган.

 

Тилсиз жоо алгач токойду толугу менен жок кылып, калк жашаган түйүндөргө дагы өттү. Үйлөрүн түтүн жана ыш каптаган 50 үй-бүлө эвакуацияланды. Учурда жеринде жүздөгөн өрт өчүрүүчү кызматкер иштеп жатат. Ал эми күнөөкөр камакка алынды.