Баткенде 2 бала бакча ачылды

Баткенде 2 бала бакча ачылды. Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемелери Рават жана Катраң айылдарында жайгашып, 50дөн балага эсептелген.

 

Бала бакчалар бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалып, бүгүнтөн тарта бөбөктөрдү кабыл ала баштады. Курулуш иштерине каражатты айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү коомчулуктар бөлүп берген.