Электрондук кызматтар боюнча порталга дагы эки сервис кошулду

Электрондук кызматтар боюнча порталга дагы эки сервис кошулду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Мындан ары portal.srs.kg сайты аркылуу “Балага сүйүнчүнүн” төлөмдөрүн жана нике күбөлүгүнүн аныктыгын текшерүүгө болот.

 

Бул үчүн  “Үй-бүлө жана бала” бөлүмүнө кирүү керек.  Электрондук кызматтар порталы — атайын түзүлгөн платформа. Андан унаа тууралуу маалымат, айып пул, каттоо, паспорт алуу сыяктуу бир катар кызматтар көрсөтүлөт.