Оштун борбордук көчөлөрүндө жөө жүрүүчүлөр өтмөгү жаңыртылууда. Иштерди “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасы жүргүзүп жатат. Өзгөчө көңүл бала бакча, мектептер жана социалдык мекемелердин алдындагы чийиндерге бөлүнүүдө.
Алардын жалпы аянты 1 миң чарчы метрден ашат. Иштер ушул жуманын аягына чейин жыйынтыкталат.