Жогорку Кеңеш унаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш унаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу novosti.kgге парламенттин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Эске салсак, документти министрлер кабинети сунуштаган. Эгер ал кабыл алынса, каалоочулар 30 миңден 50 миң сомго чейин төлөп, унаасынын алдыңкы айнектерина тонировка чаптап алса болот. Бирок уруксат жүк жана жүргүнчү ташуучу унааларга берилбейт.