Бишкектин борборунда катуу шамалдан бак кулап, 3 унааны басып калды

Бишкектин борборунда катуу шамалдан бак кулап, 3 унааны басып калды. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады. Окуя бүгүн Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабында, Жеңиш аянтынан алыс эмес жерде катталды.

 

Тараган кадрларда бак сынып кеткенин көрүүгө болот. Учурда жеринде «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат.