Кара-Балта шаарында катталган бороон-чапкын бир катар курулуштун чатырын учурду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ, ылдамдыгы болжол менен
секундасына 28 метрге жеткен шамал катталды. Анын кесепети 4 турак жайдын, кафенин жана
2 чарба курулушунун чатырларын учуруп кетти. Жалпысынан дээрлик
700 чарчы метр чатыр жарактан чыкты. Жеринде Жайыл райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу
иштеп жатат. Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы кошумча тактоо иштерин жүргүзөт.