Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннель 6-8-июль аралыгында унаа кыймылы үчүн маал-маалы менен жабылат.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, мындай чектөө күйүп кеткен электр кабелин алмаштыруу боюнча жумуштарга байланыштуу.
Эске салсак, кечээ, 5-июлда аталган тоннелден өтүп бараткан унаа өрттөнүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен электр жарыгы өчүп, тоннель аркылуу өтүү убактылуу токтотулган.