Бишкектин Дэн Сяопин проспектисине стелла орнотулууда

Бишкектин Дэн Сяопин проспектиси менен Барпы Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде кирүү белгиси орнотулууда. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө инженердик тармактарды чыгаруу жана бийиктиги 11 метр болгон стелланы орнотуу иштери аяктады.

«Учурда айланасын көрктөндүрүү, Бишкек деген тамгаларды жана ак илбирсти орнотуу үчүн стелланы сырдоо иштери жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.