Кыргызстанда органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүнөт

Кыргызстанда органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

 

Каражат «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя, лизинг берүү жана каржылоо жолу менен агроөнөр жай кластерлерин колдоого багытталат.

 

Бул өз кезегинде өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, агрардык секторго мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат деп күтүлүүдө.