Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 12ге жетти.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын баары өзүн-өзү көрсөткөндөр. Аталган аймак боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.