Жүргүнчүлөрү эки жумалык карантинге алына турган мамлекеттердин саны көбөйдү

Жүргүнчүлөрү эки жумалык карантинге алына турган мамлекеттердин саны көбөйдү. Бүгүнкү күнгө карата тизмеге Кытай, Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Улуу Британия, Голландия, Норвегия, Швеция, Бельгия жана Австрия кирет.

 

Бул мамлекеттерде 1 миңден ашык адам коронавируска кабылган. Андан тышкары, эми жок дегенде бир адам вирус жуктуруп алган өлкөлөр экинчи категорияга киргизилет. Ал эми бул мамлекеттерден келген кыргызстандыктар 2 жумалын үй карантинине алынат.