Бишкекте кайра шайлоо өткөрүүгө  тилкелер уюштурулду

Бишкекте кайра шайлоо өткөрүүгө  тилкелер уюштурулду. БШКнын маалыматына ылайык, Биринчи май жана Свердлов округдарында жалпысынан 60тан шайлоо тилкеси жайгашат. Добуш берүүгө аталган райондордо каттоосу бар жарандар гана укуктуу.

 

Тизмеден жеке маалыматын шайлоочулар 16-февралга чейин тактап алышы керек. Эске салсак, Биринчи май жана Свердлов райондорунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.