“Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын жети жаранга ыйгарды.
Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар төмөнкүлөр:
— Аматов Рысбай Аматович — Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
— Жумабаев Буркан — КР байланыш тармагына эмгек сиңирген ишмер, «Кыргыз Республикасынын байланыш ардагерлери» коомдук бирикмесинин төрагасы;
— Исмаилов Сайдахмат Аблезович — Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин «Ишеним» фракциясынын лидери;
— Малаев Нимат Саидович — КР Эмгек сиңирген дарыгери, Мамлекеттик тез жардам клиникалык ооруканасынын шаардык ЛОР — бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын башкы отоларингологу;
— Мусаев Абдулда Инаятович – КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор, К. Карасаев атындагы БМУнун ректору;
— Сариев Таалайбек Жолдошбаевич — Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
— Эргешов Казыбек Кочкорович – Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын лидери.