Экономика министрлиги физикалык жактарга унаа импорттоодо салык ставкаларын алып салууну сунуштады

Экономика министрлиги физикалык жактарга унаа импорттоодо салык ставкаларын алып салууну сунуштады. Ведомстводон белгилешкендей, ушул январдан тартып ЕАЭБден тышкаркы мамлекеттерден унаа алып келүүдө бажы төлөмдөрү кескин кымбаттаганы машине импорттоону төмөндөтөт.

 

Бул болсо, Кыргызстан автопаркынын жаңыланышын кечеңдетет. Андыктан, физикалык жактарды унаа алып кирүүдө 3 жылга чейин салыктан бошотуу каралууда. Документ коомдук талкууга чыгарылды.