Бишкектин “Жал” кичи районунда 52 видео байкоо камерасы орнотулду

Бишкектин “Жал” кичи районунда 52 видео байкоо камерасы орнотулду. Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев билдиргендей, бардык камералар бир жерден башкарылат.

 

Бул кичи райондогу абалга көзөмөл жүргүзүүгө шарт түзөт. Чыныбаев белгилегендей, Ленин районундагы эң эле маселе көп жаралган аймак — бул Ош базарынын айланасы. Былтыр анда 10 камера орнотулган.