Калкты каттоо өлкөнүн алыскы аймактарында 9 күнгө созулат.
Тагыраагы 20-апрелден 29-апрелге чейин жүргүзүлөт.
Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановдун айтымында,
Кыргызстанда калкты каттоого 23-марттан 1-апрелге чейин, мобилдик жана
интернет байланышы менен камсыздалган 25 миңге жакын адам бул ишке тартылат.
Ошондой эле жалпысынан Кыргызстандын аймагында 500дөн ашык
каттоо бөлүмдөрү жана 4 миңге жакын инструктордук бөлүмдөр ачылат.