Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маалы менен жабылат

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маалы менен жабылат. «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришкендей, таш кулатуу иштери 11-октябрдан 15-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун   131-чакырымында Боом капчыгайына тиешелүү тилкеде жүрөт.

 

Андан улам жолдор саат 9дан 3кө чейин жабылат. Иштер журүп жаткан учурда транспорт бир тилке менен жүрөт.