Баткенде чек ара жаңжалынан жабыркагандар бир катар салыктан бошотулду

Баткенде чек ара жаңжалынан жабыркагандар бир катар салыктан бошотулду.

 

Министрлер кабинети кабыл алган чечимге ылайык, быйыл 31-декабрга чейин чек арадагы окуялардын кесепетинен жабыркаган, кенди кайра иштетүү, кен казуу, акциздик товар өндүрүү, мунай өндүрүмдөрүн сатуу багытындагы ишкерлер киреше, пайда, кошумча нарк, сатуу салыктарынан бошотулат.

 

Муну менен кошо бирдиктүү салыкты да төлөшпөйт. Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызды кийинки мөөнөткө жылдыруу атайын арыздын негизинде узартылат. Салык төлөмүн кечиктирүүдө туум чегерилбейт. Жабыркаган ишкерлердин тизмесин жергиликтүү бийлик тактайт.