Бишкек – Москва багытында туруктуу аба каттамдардын саны көбөйөт.
Россия өкмөтү менен жетишилген макулдашууга ылайык, 8-февралдан тартып эки
авиакомпания аркылуу жумасына 6 ирет аба жолдору уюштурулат. Учурда туруктуу
каттамдардын графиктери түзүлүп жатат, — дешти Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен.
Андан белгилешкендей, буга чейин Россия – Бишкек боюнча
жумасына бир эле аба каттам аткарылып жаткан.