Борбордук шайлоо комиссиясы 12 шайлоо тилкесиндеги бюллетендерди кайра саноону аяктады

Борбордук шайлоо комиссиясы 12 шайлоо тилкесиндеги бюллетендерди кайра саноону аяктады. БШК маалыматына ылайык, анын натыйжасында автоматтык эсептөө системасы жана кол санактын жыйынтыгы дал келген.

 

Боршайкомдон  12 шайлоо тилкесиндеги добуштарды кайра саноо менен талапкерлердин жана партиялардын орду өзгөрбөгөнүн кошумчалашты.

 

Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы   18-декабрга чейин чыгарышы керек.