Жогорку Кеңеш шайлоолоруна даярдык планга ылайык жүрүп жатат

Жогорку Кеңеш шайлоолоруна даярдык планга ылайык жүрүп жатат. Учурда талапкерлер каттоодон өтүп жатканын БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров айтып берет.

 

“Бир мандаттуу округдан талапкерлер документтерин тапшырууда. Азыркы саатка адашпасам, 130 талапкер өзүнүн ниетин билдирди катышуу боюнча. 13-октябрь, саат 18:00го чейин ушундай мүмкүнчүлүк болот. 18-октябрга чейин документтердин бардыгын тапшырышы керек. 29-октябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлер боюнча ошондой эле катышып жаткан партиялардын тизмесин каттайбыз”

 

Белгилеп кетсек, бул ирет парламенттик шайлоолор алгачкы ирет аралаш система менен өтүп, бир мандаттуу талапкерлер менен бирге партиялар шайланат.