- Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерди кайра шайлоого карата
- үгүттөө өнөктүгү старт алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешине 18, Ошто 9 жана
Токмокто 6 саясий уюм ат салышат. Агитация 10-июль, эртең мененки
саат 8ге чейин созулат. Ал эми шайлоонун өзү 11-июлга белгиленди.
Учурда добуш берүүгө катышууга 3 шаардын 600 миңден ашык жараны укуктуу.