Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы партияларга тыюу салынган аракеттер тууралуу эскертет

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы партияларга тыюу салынган аракеттер тууралуу эскертет.

 

Алсак, саясий уюмдарга жарандарга акча, белектерди берүүгө, товарларды арзандатылган баада сатууга, акысыз кызматтарды көрсөтүүгө болбойт.

 

Бул аракеттер добуш берүүчүлөрдү сатып алуу катары эсептелет. Шайлоочуларга үгүт материалдарын гана таркатууга уруксаат берилет. Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышууда.