Кыргызстанда 80 студент президенттик стипендияга ээ болду

Кыргызстанда 80 студент президенттик стипендияга ээ болду. Жогорку окуу жайда мыкты баага окуган студенттердин ар бирине 50 миң сомдон берилди. Акчалай сыйлыкты өлкө башчы Садыр Жапаров тапшырды.

 

Президент жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктап, эмгеги жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.