БШК Ош, Баткен жана Кара-Сууда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады.
Оштогу №7 бир мандаттуу шайлоо округунан Бекмурза Эргешов, Баткендеги №2 округунан Бактыяр Калпаев, Кара-Сууда Илимбек Кубанычбеков Жогорку Кеңештин депутаты деп таанылды. Алар парламентте түрдүү жагдайда мандатын тапшырган депутаттардын ордуна келет.
Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өткөн.