Чаткалда эки кишини көчкү басып калып, каза тапты

Жалал-Абал облусунда Кара-Буура — Чаткал жолунда эки киши көчкү басып калып каза тапты. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Кырсык карды атайылап түшүрүү иштери жүрүп жатканда болгондугу айтылды.

«Кара-Буура — Чаткал жолунда «Вертекс Голд Компани» компаниясынын кызматкерлери карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда көчкү эки кызматкерди басып калган. Алардын биринин сөөгү саат 17:30дарда, экинчисиники 19:15 чамасында табылды», — деп айтылган маалыматта.

Кабар түшөрү менен ӨКМден беш куткаруучу барган. Ал эми аталган компаниядан тартылган жүзгө чукул киши техникалар менен издөөгө катышкан.
Учурда ал кишилердин аты-жөнү такталып жаткандыгы жана окуя болгон жерге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаевдин чыгып кеткени айтылды.
Ачык маалыматтарда аталган компаниянын түстүү металлдарды казуу менен алектенери жазылган.