Быйыл Кыргызстанда 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл Кыргызстанда 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат.

Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы

Айтмамат Назаров билдирди. Анын айтымында, жалпы электр энергиясын колдонгон

1,5 миллион абонент бар. Алардын 215 миңине акылдуу эсептегичтер орнотулган.

Аталган иштердин алкагында 2024-жылы керектөөчүлөр толугу менен камсыздалат — деди Назаров.

Мекеме-ишканалар жабдууларды өздөрү орнотот. Ал эми катардагы жарандарга эсептегичтерди сүйлөшүү,

келишим аркылуу орнотуу каралууда. Эгер абонент эсептегичти өз каражатына орнотсо,

чыгымы электр энергиясы менен кайтарылат.