Бала бакчалар жаңы жылдан кийин ачылат

Бала бакчалар жаңы жылдан кийин ачылат.

Бирок, бир гана жергиликтүү бийлик органдары жана

санэпидемкөзөмөл борборунун уруксаты менен.

Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары

Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында,

бала бакчаларды эпидемиологиялык кырдаалды эске алып,

этабы менен ачуу пландалууда. Жусупбекова кошумчалагандай,

учурда өлкө боюнча 362 бала бакча реалдуу режимде иштеп жатат.