Дипломдук ишти онлайн түрдө жактоого болот

Дипломдук ишти онлайн түрдө жактоого болот.

Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, Skype мессенджери аркылуу видео-конференция уюштурулат.

Дипломдук ишти жактоону онлайн-режимде кабыл алуу боюнча Кыргызстандагы

университеттердин мүмкүнчүлүгү да, тажрыйбасы да бар. Өмүров белгилегендей,

буга чейин көптөгөн ЖОЖдор мындай практиканы ийгиликтүү пайдаланып келген.

Кошумчаласак, учурда Кыргызстандагы бардык билим берүү

мекемелери дистанттык түрдө окутууга өттү.