Сауд Арабия бийлиги быйылкы ажылыкты токтотту

Сауд Арабия бийлиги быйылкы ажылыкты токтотту. Sky News Arabia телеканалы билдиргендей, 2020-жылы Мекке жана Мединага зыярат июлдун аягында болмок. Жыл сайын бул ыйык жерлерге сыйынууга дүйнөнүн 3 миллиондон ашык мусулманы чогулат.

 

Быйыл эпидемиологиялык абалды эске алуу менен чет мамлекеттерден зыяратчыларды кабыл алуу болбойт. Сауд Арабиясындагы мечиттер жергиликтүү эл үчүн гана ачык.