Бишкектеги эски аянтта Айт намаз окулбайт.
Мындай чечимди Мусулмандар дин башкармалыгы кабыл алды, — деп
билдиришти мэриядан. Айт намаз муфтият белгилеген мечиттерде гана
санитардык эрежелерди сактоо менен окулат. Мындай чаралар ордо калаадагы
эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Белгилеп кетсек, буга чейин
Ошто борбордук аянтта айт-намазды окууга дагы тыюу салынган.
Ал эми Орозо Айт эртең, бейшембиде белгиленет.